Пайдалуу дубалар

дуаАллахумма иннии асальу-Ка: ъильман наафиъан, ва ризкон тоййибан, ва ъамалян мутакоббалян.

Аллахым, мен Сенден сурайын: пайдалуу илимди, жакшы ырыскыны жана кабыл болчу амалды (Ибн Мажа: 925)

Аллахка мактоолор, шүгүрлөр, хамды санаалар болсун – Тагдыр темасына байланышкан дагы бир макалабызды улантууга мүмкүнчүлүк берди. Тагдыр маселеси өтө орчундуу сабак. Ал мусулмандын ыйман-ишенимдеринин бирден бир маанилүү чоң бөлүгү.

Тагдырды туура түшүнбөгөндүктөн адамдардын арасында фаталисттик жана пессимисттик жагдайлар пайда болот. “Аллах бардыгын жаратса, бардыгын башкарса эмне үчүн биздин күнөөгө мажбурлап, кайра кылган ката үчүн бизди жазалайт?”, “Аллах кудуреттүү го, эмне үчүн шайтанды, каапырларды, жер жүзүндөгү жамандыктарды жок кылып койбойт?”, “Аллах Таала Өзү башкаруучу болсо, анда адамдардын өз алдынча бир нерсени тандоого эрки барбы?” деген суроолор пенденин эсин эки кылып айраң кылат[1].


Бир гана Аллах каалаган, тандалган пенделер тагдыр маселесин туура өздөштүрүп кете алышат. Ошондуктан, урматтуу окурман, бул маселеде болушунча ыклас кылып, берилип жаткан материалды Аллахтын жардамы менен гана сиңире алышыңызды билиңиз! Ошону менен эле бирге тагдырды терең өздөштүрөм деп адашуунун чуңкуруна түшүп кетүүдөн сактануу керек.

Хадисте келгендей: “Ашыкча тереңдөөчүлөр өлүштү” делет. Бул дегендик илимдин бир эле суроосун ийне-жибине чейин изилдейм деп пайдасыз, кереги жок жолго түшкөн киши, маанилүү чоң суроолорду жакшы өздөштүрө албай калат, жана да чыгып келген “түшүнүксүз” суроолорго жооп таба албай, өзүн-өзү бушаймандуулукка салып, жок кылат.

Тагдыр маселесинин негизи – Аллахтын кайыпты билген илими. Кайып нерселерге умтулуу, Аллахтын “кирбе!” деген эшигине баш багуу. Абу Ханифа рахматуллахи алейхи айткандай: “Тагдыр маселесин окуу, күндөгү тактарды кароо менен салыштырса болот. Канча көп башыңды көтөрүп тактарды карайм десең, ошончо сокур боло бересиң”, б.а. тагдырдын бизге белгилүү бөлүгүн изилдеп коюу – бул маселени канаатандыраарлык түшүнүүгө жетиштүү. Бирок ким тагдырдын адамдарга белгилүү жагынан өтүп, Аллахтын кайып илимине кийлигише баштаса, “кантип? чын элеби?” деген суроолорго жооп берүүнү көздөп тагдырды дагы-дагы изилдей берсе, аягы барып жүрөгүн шек-күмөн ороп, көңүлүн тынчсыздануу ээлейт.

Тагдырды туура түшүнүү адамды активдүү болууга, жоопкерчиликке, себептерди максималдуу колдонуп максатка умтулууга күч берет, натыйжада дүйнө-акыреттин ийгилигине алып келет!!


Тагдырды ката түшүнүү адамды пассивдүү болууга, жалкоолукка, алсыздыкка түртөт, турмушунун акыбетин ийгиликсиз кылат. Пайгамбарыбыздын (салляллаху алейхи уа саллям) мектебинен чыккан сахаба жана табаиндерибиз бул маселени эң жакшы деген баага тапшыргандыктан бул дүйнөнүн устаздары болушуту, Аллахтын динин Испаниядан Кытайга чейин тарката алышты, Улуу Ислам Империясын курушту жана Акыр Кыяматка чейин келчү үммөткө жакшы өрнөк болуп калышты[2].

Дуба ыклас менен, туура жана дубаны тосуучу себептерден сактануу аркылуу кылынуусу керек.

ТУРМУШКА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КҮНҮМДҮК ДУБАЛАР

اللَّهُمَّ إنّي أسألك: عِلمًا نافِعًا و رِزقًا طَيِّبًا و عَمَلاً مُتَقَبَّلاً

“Аллахумма иннии асальу-Ка: ъильман наафиъан, ва ризкон тоййибан, ва ъамалян мутакоббалян”

“Аллахым, мен Сенден сураймын: пайдалуу илимди, жакшы ырыскыны жана кабыл болчу амалды”

Бул дубаны Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) багымдат намазынын аягында окучу. Дубанын сыры: багымдат күндүн башы, багымдатты кандай тоссоң күнүң ошондой уланат, багымдат учурунда ушул күнү аткарылчу иштердин ийгиликтүү болуусун суроо керек, аткарылчу иштердин эң эле жакшысы эле илим талап кылуу[3], адал ырыскы үчүн иштөө[4] жана сооптуу кайрымдуулук иштерин кылуу[5].

 

اللَّهُمَّ أَعِنّي عَلى: ذِكرِكَ و شُكرِكَ و حُسنِ عِبادَتِكَ

“Аллахумма аъиннии ъалаа: зикри-ка, ва шукри-ка, ва хусни ъибаадати-ка”


“Аллахым, мага жардам бер: сени эстешке, сага шүгүр келтиришке жана сага жакшылап ибадат кылышка”

Дубанын сыры: Ля хавля ва лаа куввата илля билляхи, же Аллахтан башка күч жана кубат жок. Адам өз каалоосу менен гана ибадат кыла албайт, албетте Аллах тараптан кандайдыр бир жардам, илхам[6], түрткү болушу шарт. Ошондуктан ибадат кылуу кыйын болуп калганда ушул дубаны окуп туруңуздар. Жана “5 убак намазга киришүүнү каалайм, бирок эмнегедир окуй албай жатам” дегендер ушул дуба менен тилдерин нымдап, тез-тез кайталап туруусу зарыл. Ал эми таквалык жолунда бекем болуп ихсан даражасына умтулган момун мусулмандарга эскертме – “Аллах эч бир нерсеге муктаж эмес, биздин да сиздин да таат-ибадаттарыбызга муктаж эмес, эгер биз антип ойлосок Аллахтын сыноосу келип тескерисин далилдеп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул дуба менен дайым достошуп, Аллахтын жолунда дайым ибадат кылууга каалоо тилеп туруңуздар”

 

رَبِّ يَسِّرْ و لا تُعَسِّرْ و تَـمِّمْ بِالْـخَيْرِ

“Рабби йассир ва лаа туъассир ва таммим биль-хойр”

“Раббим! Жеңилдет, оордотпо жана иштин аягын жакшылык менен бүтүр”

Дубанын сыры: Бул дуба дүйнө иштеринде да, акырет иштеринде да жардам берет. Кайсыл нерсени Аллах жеңилдетсе ошол нерсе гана бизге жеңил болот. Кантип Аллах иштерди жеңилдетет: биринчиден адамга илхом берет, керектүү илим берет, каражат, күч, кудурет, убакыт берет, экинчиден ошол ишти аткарууга жардам берет жана жыйынтыгын ийгиликтүү кылып берет. Натыйжада пайда болгон акыбетти берекелүү[7]кылып берет.


Аллаху аълам!

ДУБА – МУСУЛМАНДЫН ЭҢ КҮЧТҮҮ КУРАЛЫ!

“Чындыгында, базардагы бааларды коюуучу Аллах. Ал кай бирөөнө ырыскысын кыскартып, кай бирөөнө чексиз байлык берет. Ырыскыландыруучу зат-Аллах

Эстесең, сени менен ушундай болду беле?.. Сен Аллахка жалбарып дуба кыласың, бирок жооп келбейт. Сен тынбастан кайра-кайра Ага кайрыласың, бирок эч нерсе өзгөрбөйт. Күтө берип тажайсың, аягында үмүтүң үзүлөт да дуба кылууну таштайсың. Сени менен ушундай болду беле?

Дубаларыбыз эмне себептен кабыл болбойт? Эмнеликтен биз өз каалоолорубузга жете албайбыз? Дубанын кабыл болушунун сырлары барбы? Өз эңсегенибизге дуба аркылуу жетүү жолу кандай? Ушул суроолордун кээ бирин биз бул макалабыздын бетинде карамакчыбыз.

“Дуба – бул Жараткан Аллахтан жардам, камкордук тилөө. Дубанын маңызы – Бийик Аллахка муктаждыгыбызды көрсөтүү, (жакшылыкка жетүү болсун же жамандыктан сактануу болсун) өз күч-кубатыбыздын алсыз экенин билдирүү, пенде экендигибизди моюнга алуу, Аллахты даңазалап мактоо жана Анын жоомарттыгын түшүнүү” (аль-Хаттабинин берген аныктамасы боюнча)

ЖАРАТКАН ЭГЕҢ ТУУРАЛУУ ЖАКШЫ ОЙДО БОЛУУ – ДУБА КАБЫЛ БОЛУУСУНУН НЕГИЗИ

Аллах, субхан ва таала, эч кемтиксиз зат. Анын бардык сыпаттары толук жана мактоого татыктуу. Анын бир гана “Бол” деген буйругу чыкса ошол замат ал нерсе аткарылат[1]. Анын күчүнө жана илимине чек жок. Эч нерсе Аны адаштыра албайт жана билимин унуткуза албайт. Бардык макулуктар Анын эркинен чыгышпайт: ааламдагы планеталар, асман менен жер, коом жана анын иштери[2], инсан жана анын руху[3]. Бирок,Аллахтын кудурети жана эрки Анын даанышмандыгына жана илимине ылайык келет. Бул тууралуу кеңири сөз “Тагдырга ишенүү” макалаларынын өткөн чыгарылыштарында берилген.


Аллах кудуреттүү Зат, жана Ал пендесине мамиле кылат, кантип пенде өз Эгеси жөнүндө күмөндөнсө, б.а. Аллах тууралуу жакшы күмөндө болсо Ал жакшылыгын аябайт, жаман күмөндө болуп тагдырга нааразы болуп жүрсө ал киши жарыбайт. Хадис кудсийде (ыйык хадис) келгендей: “Аллах Таала айтат: – Пендем Мен тууралуу кандай ойлосо Мен ошондоймун. Эми, эмне ойлосо өз иши” (Ад-Дарими). Хадистин башка риваятында келет: “Аллах жөнүндө жакшы ойдон башка эч күмөндө болбогула” деп (Ибн Раджаб).

Эгер инсан дуба кылып жатып Аллахтын кудуретине, ырайымына, адилеттүүлүгүнө же билимине шек келтирген болсо, ал ошого жараша жооп алат. “Раббиңерге күмөн санаган ушул силердин ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар” (Фуссылат сүрөсү, 23-аят), “Силер (Аллахка) жаман ой-пикирде болуп, жок болуучу коом болдуңар” (аль-Фатх сүрөсү, 12-аят)

АЛЛАХ АГА КАЙРЫЛУУЧУЛАРГА ДАЙЫМА ЖООП БЕРЕТ!

Курандын бир нече аятында Аллах Ага дуба кылгандарга жооп кайтаруусун убада берген. Аль-Бакара сүрөсүнүн 186-аятында айтылат: “Кулдарым Мени сенден сураша турган болсо, чындыгында Мен (аларга) абдан жакынмын. Чакыруучунун чакырыгына жооп беремин. Алар да Мага жооп беришсин, Мага ыйман келтиришсин, алар туура жолдо болушат”. Ушуга окшогон башка аяттар да бар.


Ат-Табарани хадис келтиргендей, Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Дуба кылууга мүмкүнчүлүк берилген адам, анын жообу да ага берилет. Себеби Аллах айтат эмеспи: “Мага дуба кылгыла Мен жооп беремин” (аль-Гофир сүрөсү, 60-аят) деп”

Башка хадисте айтылат: “Аллах бирөөгө дубанын эшиктерин ачып коюп, кайра ага кабыл кылуунун эшиктерин жаап койбойт” (Ибн Раджаб)

АНДА ЭМНЕГЕ БИЗДИН ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛБОЙТ?

Дубанын кабыл болушунун жолу  өтө жөнөкөй. Аны бул формула менен чектеп койсо болот:

Дуба = ыклас + туура дуба жасоо + дубаны тосуучу себептердин сактануу

Ыкластуулук – бул дегендик таухидди кармануу, жана ширктен алыс болуу[4], кичине ширк же чоң ширк болбосун. Ар дайым Жаратуучу менен жана Анын макулуктары менен чынчыл болуу. Анын кудуретине, адилетине, мээримине жана даанышмандыгына ишенүү. Ал бардык нерсеге күчү жетет. Бардык нерсеге[5].

Туура дуба жасоо – бул дегендик Пайгамбарыбыз Мухаммед (салляллаху алейхи уа саллям) көрсөткөндөй тартипте дуба кылуу:

  1. Башында: Аллахка мактоолорду айтуу, асмаа хуснаа (Аллахтын ысымдары, мисалы ар-Рахим Мээримдүү, аль-Кодиир Кудуреттүү) аркылуу кайрылуу, келменин сөздөрүн кайталоо.
  2. Андан кийин Пайгамбарга (салляллаху алейхи уа саллям) салам салаваттарды жөнөтүү. Мисалы “Аллахумма солли ва саллим ъалаа набиййинаа Мухаммад” деп айтса болот.

  3. Андан кийин истигфар айтуу (күнөөнүн кечирилишин суроо), кылган ката кемчиликтерге тооба кылуу. Истигфар аркылуу күнөө жуулат, жашообузга берекет кирет[6].
  4. Андан кийин өз каалообузду, өз тилегибизди суроо. Айтып жатканда өзүбүз уккандай кылып үн чыгарып айтсак жакшы. Дубага жүрөк, жан менен кирип, көз алдыбызга түстүү-түстүү кылып элестетип, Аллах каалообузду аткаргандай, мына аткарчудай үмүт болуусу керек. Дуба учурунда үмүттү коркуу сезими коштосун. Жалгыз үмүт – амалкөйлүк, жалгыз коркуу – үмүтсүздүк. Экөө чогу болуусу керек. Аягында дуба дагы бир сыйра мактоо жана салават менен аяктайт.

Дубаны тосуучу себептердин болбошу – дуба толук кабыл болуусу үчүн, ага тоскоол кылуучу нерселерден арылуу зарыл:

  • Чоң күнөөлөрдөн алыс болуу. Өзгөчө Кудайга шерик кошуу[7].
  • Арам кесип, арам тамак, арам кийимден таза болуу[8].
  • Күнөө иш же туугандык катнашты үзүүчү дубаларды кылбоо[9].
  • Дубанын тез аткарылышын самап “Качан аткарылат эми” деп аны шаштырбоо[10].
  • Үмүт үзбөө жана Жараткан тууралуу жаман күмөндө болбоо.

ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ

Дагы бир айта кетчү кыстырма. Жогорто айтылган себептерди кылуу менен гана дуба жүз пайыз аткарылып калбайт. Албетте, Аллах биздин Эгебиз, бардык мүлктүн Ээси, ааламдардын Тарбиялоочусу. Биздин иш – болгон туура себептерди колдонуп, дуба кылып жалбаруу, ал эми анын жообу Аллахтын эркинде.

Кай бир учурларда, бир нече ирээт дуба жасаган соң жооп болбогондуктан колубуз шалкайып, көөнүбүз тайып үмүтүбүз үзүлөт. Бирок, биз эч качан унутпообуз керек – Аллах биздин Жаратуучубуз, жана Ал болгон жана боло турган тууралуу маалым. Ошондуктан бизге эмне пайда эмне зыян экенин Андан башка жакшыраак ким билсин? Ошондуктан биздин дубаларыбызга жооп болбосо эле “Аллах бизди укпайт, Аллах бизге көнүл бурбайт, Ал бизге каары келип жатат” дегенден алыс болуубуз керек.


Балким, Аллахка гана маалым болгон себептер менен, дубабыздын орундалбашы, бизге гана дүйнө-акыретте пайдадыр. Кандай болбосун дубаларыбыз эч качан бекер кетпейт, бул дүйнөдөн үзүрүн көрбөсөк да Акыр Кыяматта дуба кылгандыгыбыз үчүн сооп табабыз. Себеби, дуба кылуу, Аллахка кайрылуу – чоң ибадаттыр.

Аллаху аълам биссавааб!

Айбат гезити №136

Пайдалуу дубалар

aibat.kg

ДУБА – МУСУЛМАНДЫН ЭҢ КҮЧТҮҮ КУРАЛЫ!

СүрөтЭстесең, сени менен ушундай болду беле?.. Сен Аллахка жалбарып дуба кыласың, бирок жооп келбейт. Сен тынбастан кайра-кайра Ага кайрыласың, бирок эч нерсе өзгөрбөйт. Күтө берип тажайсың, аягында үмүтүң үзүлөт да дуба кылууну таштайсың. Сени менен ушундай болду беле?
Дубаларыбыз эмне себептен кабыл болбойт? Эмнеликтен биз өз каалоолорубузга жете албайбыз? Дубанын кабыл болушунун сырлары барбы? Өз эңсегенибизге дуба аркылуу жетүү жолу кандай? Ушул суроолордун кээ бирин биз бул макалабыздын бетинде карамакчыбыз.


Дуба – бул Жараткан Аллахтан жардам, камкордук тилөө. Дубанын маңызы – Бийик Аллахка муктаждыгыбызды көрсөтүү, (жакшылыкка жетүү болсун же жамандыктан тыйылуу болсун) өз күч-кубатыбыздын алсыз экенин билдирүү, пенде экендигибизди моюнга алуу, Аллахты даңазалап мактоо жана Анын жоомарттыгын түшүнүү” (аль-Хаттабинин берген аныктамасы боюнча)

ЖАРАТКАН ЭГЕҢ ТУУРАЛУУ ЖАКШЫ ОЙДО БОЛУУ – ДУБА КАБЫЛ БОЛУУСУНУН НЕГИЗИ
Аллах, субхан ва таала, эч кемтиксиз зат. Анын бардык сыпаттары толук жана мактоого татыктуу. Анын бир гана “Бол” деген буйругу чыкса ошол замат ал нерсе аткарылат [1] . Анын күчүнө жана илимине чек жок. Эч нерсе Аны адаштыра албайт жана билимин унуткуза албайт. Бардык макулуктар Анын эркинен чыгышпайт: ааламдагы планеталар, асман менен жер, коом жана анын иштери [2], инсан жана анын руху[3] . Бирок, Аллахтын кудурети жана эрки Анын даанышмандыгына жана илимине ылайык келет. Бул тууралуу кеңири сөз “Тагдырга ишенүү” макалаларынын өткөн чыгарылыштарында берилген.

Аллах кудуреттүү Зат, жана Ал пендесине мамиле кылат, кантип пенде өз Эгеси жөнүндө күмөндөнсө, б.а.
лах тууралуу жакшы күмөндө болсо Ал жакшылыгын аябайт, жаман күмөндө болуп тагдырга нааразы болуп жүрсө ал киши жарыбайт. Хадис кудсийде (ыйык хадис) келгендей: “Аллах Таала айтат: — Пендем Мен тууралуу кандай ойлосо Мен ошондоймун. Эми, эмне ойлосо өз иши” (Ад-Дарими). Хадистин башка риваятында келет: “Аллах жөнүндө жакшы ойдон башка эч күмөндө болбогула ” деп (Ибн Раджаб).

Эгер инсан дуба кылып жатып Аллахтын кудуретине, ырайымына, адилеттүүлүгүнө же билимине шек келтирген болсо, ал ошого жараша жооп алат. “Раббиңерге күмөн санаган ушул силердин ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар” (Фуссылат сүрөсү, 23-аят), “Силер (Аллахка) жаман ой-пикирде болуп, жок болуучу коом болдуңар” (аль-Фатх сүрөсү, 12-аят)

АЛЛАХ АГА КАЙРЫЛУУЧУЛАРГА ДАЙЫМА ЖООП БЕРЕТ!
Курандын бир нече аятында Аллах Ага дуба кылгандарга жооп кайтаруусун убада берген. Аль-Бакара сүрөсүнүн 186-аятында айтылат: “Кулдарым Мени сенден сураша турган болсо, чындыгында Мен (аларга) абдан жакынмын. Чакыруучунун чакырыгына жооп беремин. Алар да Мага жооп беришсин, Мага ыйман келтиришсин, алар туура жолдо болушат”. Ушуга окшогон башка аяттар да бар.

Ат-Табарани хадис келтиргендей, Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Дуба кылууга мүмкүнчүлүк берилген адам, анын жообу да ага берилет. Себеби Аллах айтат эмеспи: “Мага дуба кылгыла Мен жооп беремин” (аль-Гофир сүрөсү, 60-аят) деп

Башка хадисте айтылат: “Аллах бирөөгө дубанын эшиктерин ачып коюп, кайра ага кабыл кылуунун эшиктерин жаап койбойт(Ибн Раджаб)

АНДА ЭМНЕГЕ БИЗДИН ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛБОЙТ?
Дубанын кабыл болушунун, каалоо-тилектердин аткарылышынын техникасы өтө жөнөкөй. Аны бул формула менен чектеп койсо болот:

Дуба = ыклас + туура дуба жасоо + дубаны тосуучу себептердин сактануу


Ыкластуулук
– бул дегендик таухидди кармануу, жана ширктен алыс болуу[4] , кичине ширк же чоң ширк болбосун. Ар дайым Жаратуучу менен жана Анын макулуктары менен чынчыл болуу. Анын кудуретине, адилетине, мээримине жана даанышмандыгына ишенүү. Ал бардык нерсеге күчү жетет. Бардык нерсеге[5] .

Туура дуба жасоо – бул дегендик Пайгамбарыбыз Мухаммед (салляллаху алейхи уа саллям) көрсөткөндөй тартипте дуба кылуу:

  • Башында: Аллахка мактоолорду айтуу, асмаа хуснаа (Аллахтын ысымдары, мисалы ар-Рахим Мээримдүү, аль-Кодиир Кудуреттүү) аркылуу кайрылуу, келменин сөздөрүн кайталоо.
  • Андан кийин Пайгамбарга (салляллаху алейхи уа саллям) салам салаваттарды жөнөтүү. Мисалы “Аллахумма солли ва саллим ъалаа набиййинаа Мухаммад” деп айтса болот.
  • Андан кийин истигфар айтуу (күнөөнүн кечирилишин суроо), кылган ката кемчиликтерге тооба кылуу. Истигфар аркылуу күнөө жуулат, жашообузга берекет кирет[6] .
  • Андан кийин өз каалообузду, өз тилегибизди суроо. Айтып жатканда өзүбүз уккандай кылып үн чыгарып айтсак жакшы. Дубага жүрөк, жан менен кирип, көз алдыбызга түстүү-түстүү кылып элестетип, Аллах каалообузду аткаргандай, мына аткарчудай үмүт болуусу керек. Дуба учурунда үмүттү коркуу сезими коштосун. Жалгыз үмүт — амалкөйлүк, жалгыз коркуу — үмүтсүздүк. Экөө чогу болуусу керек.
  • Аягында дуба дагы бир сыйра мактоо жана салават менен аяктайт.

Дубаны тосуучу себептердин болбошу – дуба толук кабыл болуусу үчүн, ага тоскоол кылуучу нерселерден арылуу зарыл:

  • Чоң күнөөлөрдөн алыс болуу. Өзгөчө Кудайга шерик кошуу[7] .
  • Арам кесип, арам тамак, арам кийимден таза болуу[8] .
  • Күнөө иш же туугандык катнашты үзүүчү дубаларды кылбоо[9] .
  • Дубанын тез аткарылышын самап “Качан аткарылат эми” деп аны шаштырбоо [10].
  • Үмүт үзбөө жана Жараткан тууралуу жаман күмөндө болбоо
  • ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ
    Дагы бир айта кетчү кыстырма. Жогорто айтылган себептерди кылуу менен гана дуба жүз пайыз аткарылып калбайт. Албетте, Аллах биздин Эгебиз, бардык мүлктүн Ээси, ааламдардын Тарбиялоочусу. Биздин иш — болгон туура себептерди колдонуп, дуба кылып жалбаруу, ал эми анын жообу Аллахтын эркинде.

    Кай бир учурларда, бир нече ирээт дуба жасаган соң жооп болбогондуктан колубуз шалкайып, көөнүбүз тайып үмүтүбүз үзүлөт. Бирок, биз эч качан унутпообуз керек – Аллах биздин Жаратуучубуз, жана Ал болгон жана боло турган тууралуу маалым. Ошондуктан бизге эмне пайда эмне зыян экенин Андан башка жакшыраак ким билсин? Ошондуктан биздин дубаларыбызга жооп болбосо эле “Аллах бизди укпайт, Аллах бизге көнүл бурбайт, Ал бизге каары келип жатат” дегенден алыс болуубуз керек.

    Балким, Аллахка гана маалым болгон себептер менен, дубабыздын орундалбашы, бизге гана дүйнө-акыретте пайдадыр. Кандай болбосун дубаларыбыз эч качан бекер кетпейт, бул дүйнөдөн үзүрүн көрбөсөк да Акыр Кыяматта дуба кылгандыгыбыз үчүн сооп табабыз. Себеби, дуба кылуу, Аллахка кайрылуу – чоң ибадаттыр.

    Аллаху аълам биссавааб!

    Сүрөт

    Мусулман дуба аркылуу кыйын боло алат

    <BR clear=all>[1] “Бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши "Бол!" деп айтууда гана турат. Анан ал нерсе болуп калат” (ЙаСин сүрөсү, 82-аят)

    [2] Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Чындыгында, базардагы бааларды коюуучу Аллах. Кай бирөөнө ырыскысын кыскартып, кай бирөөнө чексиз байлык берет. Ырыскыландыруучу Зат — Аллах” (Ахмад, Абу Давуд, ат-Тирмизи жана Ибн Маджа; Ибн Хиббан хадисти сахих деди)

    [3] “Чындыгында, Ал – ыйлатып, кубантат. Чынында, Ал – өлтүрүп, тирилтет” (ан-Нажм сүрөсү, 43-44 аяттар)

    [4] “(Эй Мухаммад) сага жана сага чейинкилерге кабар бердирилген: "Эгер сен ширк кылсаң, анда амалдарыңдын баары жок болот, а өзүн чоң жабыр тартуучулардан болуп каласың"” (аз-Зумар сүрөсү, 65-аят)

    [5] “Аллах адамдарга берген жакшылыкты эч ким токтото албайт, ал эми Ал өзү токтотконду эч ким түшүрө албайт”( аль-Фатыр сүрөсү, 2-аят)

    [6] “Эгеңерден кечирим сурагыла. Анткени Ал – Кечиримдүү. Ал силерге асмандан нөшөрлөгөн жамгыр жиберет. Ал силерди мал-дүйнө, балдар менен кубаттуу кылат. Жана да силер үчүн бакчаларды жана дарыяларды жаратат” (Нух сүрөсү, 10-12)

    [7] “Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллахка шерик келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр! ” (ан-Ниса сүрөсү, 116-аят)

    [8] Бир күнү Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) узак сапар кылган чачтары үрпүйгөн, үстүн чаң баскан жана эки колун асманга созуп: Оо раббим , Оо рабим деген киши тууралуу айтты. Анын жеген тамагы арам , ичкен ичимдиги арам, кийген кийими арам жана арам менен азыктанган эле. “Анан анын дубасына кантип жооп берилсин ?! –деди”. (Муслим, Тирмизий) Жана да хадисте келди: “Жакшы, адал тамактанып жүр, дубаларың кабыл болуп турат”. (Ат-Табарани)

    [9] Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтты: "Кандай мусулман болбосун Аллахка кайрылып, дубасында күнөө иш же туугандык катнашты үзүүчү нерсе жок болсо, албетте, ал кайрылууга Аллах үч нерсенин бирөөсүн берет: каалоосун орундатып бул дүйнөдөн эле тилегин берет, же Акыретке азык кылып сактап коет, же дубанын көлөмүнчөлүк бир жамандыктан арылтат" (Ахмад, аль-Хаким).

    [10] Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтты: “Ар бириңер жооп ала аласыңар, качанга дейре "мен Аллахка дуба кылдым эле, бирок Ал жооп бербеди" деп айтмайынча” (Аль-Бухари, Муслим). Пенде эч качан жооп алууга үмүтүн үзбөөсү керек, себеби Аллах дубасында бекем болгондорду жакшы көрөт.

www.super.kg

🏻Дуба кылуу Дуба кылуу – бул, ибадат болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Дуба – бул, ибидат» – деген.

Экинчи бир хадисте:

“Аллахтын алдында дубадан өткөн баалуу нерсе жок” – деп айтса,

дагы бир хадисте:

“Аллах Тирүү, Берешен.Ошондуктан кайсы бир пендеси Ага дуба кылып суранса, анын сунулган колун бош кайтаруудан уялат…” – деп айткан.

“Мага дуба кылгыла, (кылган) дубаларыарга жооп кайтарайын.” (Момундар сүрөсү, 60-аят)

Дуба сүйүү жана жакындык. Дуба жашообуздун көркүнө көрк кошот. Кубанычыбызга кубаныч кошот. Жолубузга жарык чачат. Аллах Таала дуба кылуубузду каалайт. Андыктан дуба кылалы жашообуздагы кыйынчылыктарды дуба куралы менен талкалап,жакшылыктарга шүкүр кылып Жараткан менен бирге бол бир тууганым!

✨“Оо улуу кудуреттүү Аллах таала, мага ыроологон ырыскыларың үчүн Сага чексиз шүгүр кылам. Сен сүйгөн жана биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз болгон азирети Мухаммедге салават келтирип салам берем.”…

✨“Оо Аллам, мени Өзүңдү жана пайгамбарыңды сүйгөн, Өзүңө жана пайгамбарыңа ишенип моюн сунган адам кыл. Бардык күнүмдү жакшылыктар жана сулуулуктар менен өткөр. Дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык кайрымды, сулуулук жана ырыскыларды Сенден сурайм, ал эми бардык ндыктардан оолак болуу үчүн Сага баш калкалайм.”..

✨“Оо ааламдардын Раббиси болгон Аллам. Бир гана Сага сыйынып, бир гана Сенден жардам тилейм. Сенин бардык нерсеге күчүң жетет. Сен менин ачык жана купуя бардык сырымды билесиң. Мага ырайым кыл жана жүрөгүмдү боорукердик жана сүйүү сезими менен толтур. Жалкоолуктан, натыйжасыз аракеттен, убакытты пайдасыз нерселер үчүн коротуудан, баш аягы билинбеген башаламан иштен, ийгиликсиздиктен, адамдарга, айлана-чөйрөгө жана өзүмө зыян келтирүүдөн алыс болуу үчүн Өзүңдөн баш паанек издейм.”..

✨ “Оо жараткан Аллам, ыйманымды бекемде, жакшы амалдарымды арттыр жана адеп-ахлагымды оңдо. Кабыл болбой турган дубадан оолак болуу үчүн Сага сыйынам. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын каалоо-тилектерин мен да Сенден тилейм, оолак болгон нерселеринен мен да оолак болуу үчүн Сага баш калкалайм.”..

✨“Аллах таалам, жасаган иштеримдин туура эмес түшүнүлүшүнөн жана жалган жалаага кабылуудан, бирөөнү ыксыз жерден күнөөлөп адилетсиздик кылуудан сактооң үчүн Сага корголойм. Жасаган иштеримдин натыйжаларын оң кыл жана алардын ошол калыбанда улана беришин насип кыл. Мени үй бүлөмө, өлкөмө жана адам коомуна пайдалуу киши кыл. Бизди бул дүйнөдө жана акыретте эң сонун ырыскыларың менен сүйүндүр.”..

✨“Кудуреттүү Аллам, көңүлүмдү ар кандай жаман ниет, ойдордон сакта. Жүрөгүмдү ар кандай коркуу сезимдерден, күмөн ойлордон жана жагымсыз адат-мүнөздөрдөн корго. Мени бир гана өзүн ойлоп, өзүнүн проблемаларын чоң көрүп, башкалар менен болгон байланыш-катышын үзүп салган өзүмчүл жана текебер кишилерден кылба.”..

✨“Оо Алла таалам, Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин жана бардык момундардын күнөөлөрүн, кемчиликтерин кечир.”..

✨“Оо улуу Раббим, мени сүйүктүү кулдарыңдан кыл. Иштеримди жеңилдет. Турмушумду жакшырт. Мени аркасынан жакшылыктары жана жакшы сапаттары эскерилгендерден кыл. Өзүңө жакпаган бардык нерсени менден оолак кыл. Мени жашоо-турмушум, жүрүш-турушум жана сөздөрүм аркылуу Сени жана Исламды эң жакшы түшүндүргөн адамдардан кыл.”..

✨“Аллах таалам, иштеримди жеңилдет. Эң жакшы ысымдар Сага таандык жана ошол ысымдарың менен Өзүңө жалбарамын. Узун өмүр жана жасаган иштериме береке бер. Мага буюрган ырыскылардын баркына жетип, алар үчүн шүгүр кылып ысырапчылыкка жол бербөөнү мага насип кыл.”..

✨“Оо улуу кудуреттүү Аллам, мени пайдасыз иштер жана ыксыз көңүл ачуулар менен алек болуп, өз милдеттерин жана ибадаттарын унутуп койгондордон кылба. Туура жүрүп түз сүйлөгөндөрдөн кыл. Ар кандай кырсык-балээлерден, алаамат-балекеттерден сакта.”..

📌Дуба кабыл болуучу убакыт

1. Түн ичиндеги дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Түн ичинде бир убакыт бар, эгерде пенденин Акырет жана дүнүйө жакшылыгын тилеген дубасы ошол убакытка дал келсе, Аллах анын сураганын берет” – деп айткан.

2. Азандан кийинки дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Азан менен икамат ортосундагы дуба кайтарылбайт”.

3. Жума күнүндөгү дубалар. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Аллахтын элчиси Жума күнү жөнүндө баяндап жатып:

“Бул күнү бир убакыт бар. Кимдин дубасы ошол убакытка дал келсе, кынтыксыз кабыл болот” – деп айткан.

4. Рамазан айындагы дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Орозо тутуучу адамдын ооз ачаар алдындагы дубасы жоопсуз калбайт” – деген.

5. Арафа күнүндөгү дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнүндөгү дуба…” – деген.

6. Намаздан кийинки дубалар.

Пайгамбарыбыздан “Кайсы дуба уккулуктуу?” – деп сурашканда, ал: “Түндүн акыркы бөлүгүндөгү жана фарз намаздардын артынан айтылган дуба” – деп жооп берген.

7. Кадыр түнүндөгү дубалар.

8. Сажда учурундагы дубалар.

9. Ажы, же умра учурундагы дубалар.

10. Оорулуунун абалын сурап барган учурдагы дубалар.

11. Зам-зам суусун ичкен убактагы дубалар. Аллах Таалам дубаларыбызды кабыл кылсын!

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ 

Запись 🙌🏻Жашообузга бейпилдик тартуулай турган дубалар впервые появилась Formula.KG.

formulasy.blogspot.com

Суроо: Кыйынчылыктан кутулуу үчүн эмне кылуу керек?

Жооп

Кыйынчылыктан кутулуу үчүн себептерге жармашуу керек. «Мээнет кылбастан дуба кылган адам куралсыз согушка кирген адам сыяктуу” деген маанидеги хадиси шариф себептерге жармашууну буйрук кылууда. Курани каримде: «Ар кыйынчылыктан кийин бир жеңилдик бар”, —деп билдирилүүдө. Кыйынчылыктардан кутулуунун да чарасы бар. Эч качан убакытты бош өткөрбөй, пайдалуу бир иш менен алектенүү керек. «Сабыр — кутулуунун ачкычы” деген сөзгө ылайык бир иш менен алектенип, сабыр кылып, кыйын абалдан жол таап чыгуу керек.

Психолог доктурлар кыйынчылыктын негизги чарасынын бир иш менен алектенүү экендигин айтышууда. Адам өзүнө жаккан бир иш тапса жеңилдейт. Айрыкча, руханий жактан айрым дубаларды окуу да өтө пайдалуу.

Хадиси шарифтерде айтылды:

«Күндө эртең менен жана кечинде жети жолу «Хасбийаллаху ла илаха иллаху алейхи таваккалту ва хува Рабб-ул аршил азим” дубасын окуган адам дүнүйө жана акырет кыйынчылыктарынан кутулат.” [Ибни Сунни]

«Ла хавла ва ла куввата илла биллахты окуу 99 дартка даба. Булардын эң жеңили кыйынчылык.” [Хаким]

«Башына бир кыйынчылык келгенде «Бисмиллахиррахманиррахим вала хавла вала куввата илла биллахил алиййил азим” деген адамды Аллаху таала кайгы жана балээлерден коргойт.” [Дайлами, Ибни Сунни]

«Ырыскыга жеткен адам көп Алхамдулиллах десин. Ырыскысы азайган адам көп истигфар кылсын. Таарынып кайгыланган адам ла хавла вала куввата илла биллахи десин.” [Байхаки, Хатиб]

«Кыйынчылыкка туш болгон жана карыз болуп калган адам миң жолу «Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыим” десе Аллаху таала иштерине жеңилдик берет.” [Шир’а]

«Кыйынчылыкта «Хасбуналлах ва нимал-вакил” деп айткыла!” [И. Мардавайни]

«Ясин сүрөсүн окуган адамдын кыйынчылыгы кетет.” [Дайлами]

«Ла илаха иллаллах кабла кулли шай’ин, Ла илаха иллаллах ба’да кулли шай’ин, Ла илаха иллаллах йабка Раббуна ва йафни куллу шай’ин» деген адам кыйынчылыктан кутулат.” [Табарани]

«Жума намазынан кийин Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн жети жолу окуган адам бир жума кыйынчылык, балээ жана кайгылардан кутулат.” [И. Сунни]

«Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназзалимин” деген адам туш болгон балээден кутулат.” [И. Сунни]

«Кыйынчылыктын кетүүсү үчүн бул дубаны окугула: «Ла илаха иллаллахулазим-ул-халим ла илаха иллаллаху Раббул-Арш-ил азыим ла илаха иллаллаху Раббус-самавати ва Раббул-Арди Раббул Аршил-карим.” [Муслим]

«Кыйынчылыкка туш болгон адам 7 жолу «Аллах, Аллаху Рабби, ла ушрику бихи шай’а» деп айтсын!” [Насаи]

«Кыйынчылыкта «Аллах, Аллах Раббуна ла шарикалах” деп айткыла!” [Байхаки]

Кыйынчылыктан кутулуу үчүн Аллаху таалага чын дилден жалбарып, 14 сажда аятын [жатка, өйдө туруп] окуп, ар биринен кийин дароо сажда кылуу керек. (Нур-ул-изах)

«Бисмиллахиррахманиррахим ва ла-хавла ва ла-куввата илла биллахил алиййил азыим” дубасын окуу нерв ооруларына жана бардык кыйынчылыктарга жакшы болот.

Имам Жафар хазреттеринин кыйынчылыкка туш болгондо окуп, кыйынчылыктан кутулган дубасы төмөндөгүдөй:

«Йа уддати ында шиддати, ва йа гавси ында курбати! Ухрусни би-айникаллати ла танаму вакфини бирукника аллази ла йураму.”

Мааниси:

«Кыйынчылыкта таянычым, кайгыда жардам берүүчүм, дайым көрүп турган Раббим, мени коргой көр, чексиз кудуретиң менен жардам бере көр!

Хасан Басри хазреттерине жетишсиздиктен, кедейликтен, баласыздыктан арызданып келишти. Баарына тең истигфар кылгыла деп айтты. Себебин сурашканда төмөндөгү маанидеги аяттарды окуду:

«Кечиримдүү болгон Раббиңерге истигфар кылгыла (кечирим сурагыла)! Силерге асмандан мол жамгыр жиберсин, силерди дүйнө-мүлк жана перзенттер менен кубаттап, силер үчүн бакчаларды жана соолубас дарыяларды берсин.” [Нух сүрөсү, 10-12]

Бир хадиси шарифтин мааниси:

«Истигфарды уланткан адамды Аллаху таала ар түрлүү кыйынчылыктан, кайгы-капачылыктан, дарттан, тардыктан куткарып, кененчиликке жеткирет жана күтпөгөн жерден ырыскы берет.” [Насаи, Абу Давуд, Ибни Мажа]

Чөнтөккө алтын салып жүрүү дагы кыйынчылык үчүн пайдалуу. Садага берүү жана 70 жолу «Астагфируллах мин кулли ма карихаллах” деп айтуу кыйынчылыкты кетирет. Бул истигфардын мааниси: «Эй, Рабби! Сен ыраазы болбогон нерселерден эмне кылган болсом бардыгын кечире көр, кылбагандарымы да кылуудан коргой көр.”

Кыйынчылыкта төмөндөгүлөрдү кылуу да жакшы болот. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

«Садага берүү аркылуу кыйынчылыктардын алдын алгыла.” [Дайлами]

«Тарак колдонуу кыйынчылыкты кетирет.” [Дайлами]

«Жыпар жыт жана таза кийим кыйынчылыкты азайтат.” [Бостан]

«Даараттан ашып калган сууну ичүү кыйынчылыкты кетирет.” [Дайлами]

«Агат шакек колдонуу кыйынчылыкты кетирет.” [Укайли]

«Башкасынын кыйынчылыгын кетирген адамдын кыйынчылыгы кетет.” [И. Ахмед]

«Кыйынчылыкка туш болгондо дубам кабыл болсун деген адам молчулук кезде көп дуба кылсын.” [Тирмизи]

«Эң жогору ибадат — кыйынчылыкка сабыр кылуу.” [Тирмизи]

Курани каримде дагы мындай деп билдирилди:

«Сабыр жана намаз аркылуу Аллахка сыйынып, жардам сурагыла.” [Бакара сүрөсү, 45]

«Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр жана намаз аркылуу Аллахтан жардам сурагыла! Анткени, Аллах, албетте, сабыр кылгандар менен бирге.” [Бакара сүрөсү, 153]

«(Туура окулган) Намаз мункар жана фахштан (адепсиздиктен, акылга жана динге тура келбеген баңгизат, ичкилик, зина, ливата сыяктуу ар түрлүү жамандыктан, күнөөдөн) кайтарат.” [Анкебут сүрөсү, 45]

Ар кыйынчылыктын дарысы — беш маал намазды туура окуу. Намаз туура окула турган болсо бардык кыйынчылыктарды жок кылат.

Кыйынчылыкта

Суроо: Төрт миң жолу Аллах исм-и шарифин айтып, өзүнө үйлөгөн адамдын кыйынчылыктан кутула тургандыгы чынбы?

Жооп

Ооба чын.

Суроо: Жаным сыгылып турат деп айтуу жаизби?

Жооп

Жаиз. Жаны сыгылган адамдын калима-и тамжидди айтуусу жакшы болот. Бир хадиси шарифтин мааниси:

«Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыимди” окуу 99 дартка даба болот. Булардын эң жеңили кыйынчылыктан кутулуу.”  [Абу Нуайм]

Суроо: «Кыйынчылыктардан кутулууну каалоо өлүмдү каалоо маанисине келгендиктен жакшы эмес. Анткени, мусулман кыйынчылыктардан өлгөндө гана кутулат” деген сөз жаңылыш эмеспи?

Жооп

Ооба жаңылыш. Аллаху тааладан ар дайым чын ден-соолук жана бакыт-таалай тилөө керек жана бардык кыйынчылыктардан кутулуу үчүн дуба кылуу керек. Ушуга карабастан кыйынчылык келсе сабыр кылып, кутулуу үчүн да дуба кылып, себептерге жармашуу керек. Жогорудагы хадиси шарифтерде да белгилүү болгондой кыйынчылыктан кутулууну каалоо динибиздин буйругу болуп саналат.

islamdini.kg

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедден (Алланын ага салам-салаваттары болсун) ооруп калган адам үчүн анын жакындары Аллахка кандай дубалар менен кайрылууга болору тууралуу бир нече ишенимдүү (сахих) хадистер калган. Аларды бизге жеткирген адамдардан Аллах ыраазы болсун. Төмөндөгү 7 хадисте айтылган дубаларды өзүңүзгө сактап алууну унутпаңыз.

оорулуу адам, хадис, дубалар

1- Суфян бин ‘Уйайна тарабынан Айшанын (Андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

Кайсы бир адам кыйнаган ооруга наалыган кезде Аллахтын Элчиси (САВ) адатта сөөмөйүн шилекейлеп, жердин топурагына тийгизип, шилекейге аралашкан ошол топуракты ооруп жаткан жерге сыйпап, “Аллахтын ысымы менен! Биздин өлкөнүн топурагы биздин бирөөбүздүн шилекейибиз менен (биригип) Эгебиздин уруксаты менен ооруп жаткан адамыбыз айыккан болсун!

Бисмиллахи, Турбату арди-на би-рикати ба‘дина, йушфа сакыму-на би-зни Робби-на!) (Бухарий)

2- Айшанын (Андан Аллах ыраазы болсун) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси (САВ) үй-бүлөсүнө таандык адамдар ооруп калган учурда сөзсүз аларды зыярат кылып, (ооруп жаткан адамдын ооруп жаткан жерин) алаканы менен сылаганча мындай дечү: «Бул ооруну алып сал, о, адамдардын Эгеси, шыпаа бер! (Анкени) Шыпаа Берүүчү – (бир гана) Сенсиң! Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок! Оору калбагандай кылып, шыпаа бере көр!”

Азхибил ба‘са Робба-н-нааси, шфи ва Анта-ш-Шафи! Лаа шифа‘а иллаа шифаа‘ук шифа‘ан лаа йугадиру сакаман (Бухарий, Муслим).

3- Бир жолу Анас (р.а) Сабиттен минтип сурайт:

“Сага Аллахтын Элчисининни (САВ) дубасын окуп берейинби?”. Ал айтат: “Албетте”. Ошондо Анас айтат: “О, оорулууларды айыктыруучу жана шыпаа берүүчү Аллах, о, адамдардын Эгеси! Сен (гана)- Шыпаа Берүүчүсүң! Сенден башка Шыпаа Берүүчү жок! (Ошондуктан) оорунун изи да калбагандай кылып шыпаа бере көр!”.

Алахумма, Робба-н-нааси, музхибал ба‘си, шфи ва Анта-ш-Шафи! Лаа шафийа иллаа Анта шифа‘ан лаа йугадиру сакаман! (Бухарий)

4- Са‘д бин Абу Ваккастын (р.а) мындай дегени кабардалат:

“Мен ооруп калганымда мени зыярат кылып келген Аллахтын Элчиси (САВ) мындай деп айтты: “О, Аллах, Са‘дга шыпаа бер, о, Аллах, Са‘дга шыпаа бер!”

Аллахумма-шфи, Са‘дан, Аллахума-шфи, Са‘дан” (Муслим).

5-Абу Абдуллах Усман бин Абу-л-Ас (р.а) өзүнүн денеси ооруп жатканын айтып, Аллахтын элчисине (САВ) кайрылганда Пайгамбарыбыз (САВ) ага мындай деп айтат:

“(Оң) колуңду ооруп жаткан жериңе койгун да, 3 жолу: “Аллахтын ысмы менен ! (Бисмиллахи!)-деп айтып, анан минтип айткын: (Өзүм) сезип жана этиеттенип жаткан нерсенин жамандыгынан Аллахтын Өзүнө жана Анын Кудуретине сыйынамын!”.

А‘узу би-‘Иззатиллахи ва Кудурати-хи мин шарри ма ажиду ва ухазиру!” (Муслим).

6- Ибн Аббас (р.а) Аллахтын Элчисинин (САВ) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгерде (мусулмандардан) кимдир-бирөө ажалы жете элек оорулуу адамды зыярат кылып, жана алдында отуруп 7 жолу: “Улуу Арштын Эгеси болгон Улуу Аллахтан сени айыктыруусун суранам!”- деп айтса, анда Аллах аны сөзсүз айыктырат!

Ас ‘алу – Ллаха-л-‘Азыйма, Робба-л-‘Арши-л-‘Азыйми, ан йашфийа-ка!” (Бул хадисти Абу Дауд менен аны “жакшы хадис” деп атаган Тирмизий келтиришет. Ал эми ал-Хакими мындай деген: “бул Бухарийдин талаптарын канааттандырган ишенимдүү хадис”).

7- Ибн Аббастын (р.а) мындай дегени кабардалат: “(Бир жолу) Аллахтын Элчисинин (САВ) ооруп калган бедуинди зыярат кылды. Адатта ал ооруп жаткан адамга кирип барганда минтип айтчу: “(Бул оору) балээ (алып келүүчү нерсе) эмес, эгер Аллах кааласа, бул (оору сени күнөлөрдөн) тазалайт! “

Лаа ба‘са тахурун ин ша‘аЛлаху! (Бухарий)

ummamag.kg


Leave a Comment

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.